Текирдаг аймагындагы Казак көлү жана  Эгиз көл жаратылышы эң эле кооз, көзгө көркөмдүү жайлардын катарын толуктайт

Текирдаг облусуна караштуу Капаклы районунда жайгашкан Казак көлү жана Эгиз көлгө меймандар көп келүүдө

20 Mayıs 2022 14:32

Казак көлү жана Эгиз көлдөрүн эмен жана граб бактары курчап турат.

Көл жээгине келген меймандар бак ичинде сейилдөө жана пикник кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Облустук маданият жана туризм директору Ахмет Хажыоглунун айтымында Ковид-19 эпидемиясынан кийин адамдардын көбү жаратылыштын койнунда көбүрөөк убакыт өткөрүүгө көңүл бура баштады.

Казак көлү жана Эгиз көл Стамбулга жакын жайгашкан. Аймакта көлдөрдөн сырткары Кумбаг, Шаркөй, Канара каньоны, Кастро, Бахчекөй сымал жаратылышы кооз жерлер толтура.

Жаратылыштын койнунда сейилдөөнү жана эс алууну жактыргандар карагай токой кыдырып, шаркыратмалары, жылга жыбыттарынан агып түшкөн мөлтүр тунук кашка суулардан моокум кана ичип, көңүл сергитип кетишет.

Жаңылыктар