ТИКА «Кыргызфильмдеги» тасмаларды санариптештирүүгө колдоо көрсөттү

Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги (ТИКА) «Кыргызфильмдеги» шедевр кинолорду санариптөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берди.

26 Aralık 2021 19:09

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясында кинопленкага тартылган эски тасмалар санариптештирилди. Кыргызстандын байлыгы болгон кинокартиналарга экинчи өмүр берип, алардын заманбап форматта сакталып калышына ТИКА көмөктөшкөн.

Алгач «Кыргызфильм» киностудиясы ТИКАга кайрылып, эски тасмаларды санариптештирүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. ТИКА аталган киностудиянын талабын канааттандырып, кыргыз киносунун 80 жылдыгына карата Blackmagic Design Cintel Scanener техникалык жабдуу комплексин тартуулаган.

Ал эми ТРТ мекемеси эски тасмаларды санариптештирүүгө бел байлаган «Кыргызфильм» киностудиясынын адистерине заманбап техниканы пайдалануу жана аны колдонуу ыкмасын көргөзүп берген. ТРТнын медиа башкаруу жана архив бөлүмүнүн техникалык адиси Барыш Чакмак жана телерадиоберүү адиси Хамди Экин, эски тасмаларды санариптештирүү жана түстөрдү монтаждоо боюнча тренингдерди өткөрүшкөн.  

Эң кызыгы эски тасмаларды санариптештирүү учурунда Советтер Союзу учурунда түрк тилинде үн коштогон «Фрунзе» аталыштагы даректүү тасма табылган.

«Кыргызфильм» киностудиясынын директору Акжол Бекболотовдун айтымында буга чейин Кыргызстанда кинопленкага тартылган тасмаларды санарипке көчүрө турган профессионалдык аппарат жок болгондуктан архивдеги тасмалар элге сунушталбай калган. Кино чеберлер эмгектери архивде чаң болуп жатканына тынчсыздануу билдиришкен. Натыйжада «Кыргызфильм» киностудиясы, «Кыргыз киноархивин санариптештирүү долбоорун» иштеп чыгып, ага колдоо көрсөтүү үчүн ТИКАга кайрылган. ТИКА долбоорго колдоо көрсөтүүгө дароо макулдугун берген.

Акжол Бекболотов, бул өтө манилүү долбоор экенин баса белгилеп, ага колдоо көрсөткөн ТИКАнын Бишкектеги координатору Осман Устага жана ТРТге ыраазычылык билдирди.

Бекболотов белгилгендей, «Кыргызфильм» киностудиясы 1941-жылы негизделген. Үстүбүздөгү жылы «Кыргызфильм» киностудиясынын 80 жылдыгы белгиленди. Андагы архивдер элдин байлыгы. Андыктан аны кайра элге тааныштыруу керек. Долбоордун натыйжасында аталган студия пленкага тартылган тасмаларды санариптөө  жана  аны узак мөөнөткө сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.  «Кыргыз киноархивин санариптештирүү долбоору» Кыргызстан менен Түркия ортосундагы достук мамилеге өрнөк.

ТИКАнын Бишкектеги координатору Осман Уста «Кыргызфильм» киностудиясында кинопленкага тартылган эски тасмаларды санариптештирүү долбоору өтө манилүү экенин баса белгиледи. Өз кезегинде мындай манилүү долбоорду ишке ашырган К. Р. Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловго жана «Кыргызфильм» киностудиясынын директору Акжол Бекболотовго ыраазычылык билдирди.

Маалыматка караганда «Кыргызфильм» киностудиясы, архивдеги материалдарды, кеңири аудиторияга жайылтуу үчүн ТРТ жана Кыргыз- Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) алдындагы «медиа манас» борбору менен бөлүшүүнү максаттоодо.

 

Anahtar Kelimeler: «Кыргызфильм» киностудиясы, ТИКА,

Жаңылыктар