2000

ТИКА Кыргызстанда 2000 кишиге ооз ачтырды

Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координатору Кыргызстандын борбор шаары Бишкектеги Борбордук имам Серахси мечитинде 2 миң кишиге ифтар берди.

26 Nisan 2022 14:01

ТИКА Кыргызстанда 2000 кишиге ооз ачтырды. Ооз ачуу жөрөлгөсү Ордо калаа Бишкектеги борбордук Имам Серахси мечитинде болуп өттү.

Ифтар дасторконуна  эт, палоо, салат, нан, мөмө-жемиш, шоколад, печенье, курма, мөмө ширеси жана суу коюлду.

Ооз ачтыруу иш-чарасына Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган жана ТИКАнын Бишкек программасынын координатору Осман Уста катышып, алар жалпы чогулгандарды ыйык Рамазан айы менен куттукташты.

Элчи Доган мырза өз ара тилектештикти арттыра турган иш-чаралар айт майрамына карата да уюштуруларын белгиледи.

Ал эми ТИКАнын Бишкек программасынын координатору Осман Уста,  ыйык айда Кыргызстандагы мамлекеттик органдар жана бейөкмөт уюмдар менен биргеликте 3 миң үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы жөнөтүлүп, 3 миң кишиге ооз ачтырылганны билдирди.

 

Жаңылыктар