ТИКА Кыргызстанда түзүлгөн Ахыска түрктөрүнүн көк бөрү командасына жардам берди

Түрк Кызматташтык жана Координация агенттиги (ТИКА) Кыргызстандагы Ахыска түрктөрү негиздеген көк бөрү командасына форма жана ат жабдыктарын тапшырды.

24 Mart 2021 18:17

Токмок шаарында жашаган Ахыска түрктөрү мындан бир канча жыл мурда өздөрүнүн көк бөрү командасын түзүшкөн. ТИКА команданын 12 оюнчусуна жардам катары форма, ээр токум жана көк бөрү үчүн керек болгон бардык жабдыктарды жардам катары тапшырды. Аны тапшыруу аземи ипподромдо өттү. Иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Женгиз Камил Фырат, жубайы Василика Фырат, ТИКАнын Бишкек шаарындагы координатору Осман Уста, Кыргызстандагы Ахыскалык түрктөр ассоциациясынын президенти Атамша Дурсунов жана жергиликтүү эл катышты.

Кыргызстандагы Ахыска түрктөрү ассоциациясынын президенти Атамша Дурсунов көк бөрүчүлөргө колдоо көрсөткөн Түркия мамлекетине жана элине ыраазылык билдирди.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Женгиз Камил Фыратка жана ТИКАнын Бишкектеги координатору Осман Устага калпак кийгизип, чепкен жапты. Ошондой эле Женгиз Камил Фыратка ахыскалык түрктөрдөн чыккан белгилүү сүрөтчү Жанполат Кахрамановдун каламынан жаралган сүрөт белек кылды. Сүрөттө Ахыска түрктөрү кабылган сүргүн чагылдырылган.

Кыргызстандагы Ахыска түрктөрү негиздеген алгачкы команда

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Женгиз Камил Фыраттын маалыматына караганда сөз болуп жаткан команда Кыргызстандагы Ахыска түрктөрү негиздеген алгачкы команда болуп эсептелет. Учурда алар аймактык лигада ойношот. 2-3-орундарды багындырып жүрүшөт. Биринчи лигага чыгып, алдыңкы командалар менен беттешүү алардын негизги тилеги.

Көк бөрү командасынын негиздөөчүсү Сүлейман Камалов баса белгилегендей Ахыска түрктөрү менен кыргыздар бири-бирине колдоо көрсөтүп, ынтымакташа жашап келишет. Аймактагы көк бөрүчүлөр менен жума сайын улак тартып тажрыйба топтоо менен бирге оюндун кызыгына батышат.

Ахыска түрктөрү

Ахыска түрктөрү бүгүнкү Грузиянын Ахыска аймагында жашаган түрктөр. Орустар бул аймакка Месхетия атын бергендиги үчүн Месхетия түрктөрү деп да аталышат.

Сталиндик өкмөт 1944-жылы Мамлекеттик Коопсуздук Комитетинин чечимине ылайык чек ара коопсуздугун камсыз кылуу аргументи менен Ахыска аймагындагы 100 миң кишини кыш мезгилинде жүк ташуу вагондоруна 8-10 үй-бүлөдөн киргизип, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанга айдап жиберген. Сүргүн  учурунда элдин көбү сууктан вагондордо, оору жана ачкачылыктан каза болгон.

Азыркы учурда Ахыска түрктөрү Россия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Украина, Азербайжан, АКШ жана Түркияда жашашат.

Жаңылыктар