1000

ТИКА Кыргызстандагы 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын таратты

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана  социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу 1000 үй-бүлөгө жардам таратты.

28 Nisan 2021 22:55

 

Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгү берекелүү Рамазан айында Кыргызстандагы муктаж жарандарга азык-түлүк жардамын таратууда. Аталган агенттик 1000 куту гуманитардык жардамды  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана  социалдык өнүктүрүү министрлигине тапшырды. Гуманитардык жардам курма, макарон, май, ун, күрүч, чай, шекер жана башка азык-түлүктөрдү, ошондой эле беткап жана антисептиктерди камтыйт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана  социалдык өнүктүрүү министрлиги Бишкек шаарынын Биринчи май администрациялык районунда жардамды таратуу иш-чарасын уюштурду.

Иш-чарага катышкан Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Йекта Камил Ноян Түркиядан келген жардамды боордош кыргыз эли менен бөлүшүү чоң кубаныч экендигин баса белгиледи. Ал ыйык Рамазан айында Түркиянын Диний фонду жана ТИКАнын жардамы менен Кыргызстандагы муктаж жарандарга жалпы 10 миң куту жардам таратылаарын кошумчалады. Өз кезегинде жардамдарды таратууга салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана  социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова өлкөдө 100 миңден ашык жаран жардамга муктаж экендигин маалымдады. Берекелүү Рамазан айында муктаж жарандарга колдоо көрсөткөн уюмдарга ыраазчылык билдирди. Өз кезегинде жалпы мусулман коомчулугун Орозо айы менен куттуктады.

ТИКАнын «Эрендердин дасторкону» концепциясы

Гуманитардык жардам таркатылып жаткан аянтчада Юнус Эмренин:

«Келгиле тааныш бололу,

Ишти оңой кылалы,

Сүйөлү жана сүйүктүү бололу,

Бул дүйнө эч кимге калбайт»,-деген ыр саптары;

Ахи Эврандын: «Ахинин колу, эшиги жана дасторкону ачык болушу керек»; Хажы Бекташ Велинин «Бир бололу, ири бололу, тирүү бололу» деген сөздөрү түрк жана орус тилдеринде жазылып турду.

ТИКАнын Бишкектеги координатору Осман Уста баса белгилгендей, 2021-жыл Түркияда президент Р.Т. Эрдогандын жарлыгы менен «Юнус Эмре жана түрк тилинин жылы», «Хажы Бекташ Вели жылы» жана «Ахи ​​Эвран жылы» деп жарыяланган. ТИКА жогоруда аты аталган тарыхый инсандардан илхом алып, «Эрендердин дасторкону» деген концепцияны тандап, ошонун негизинде  87 өлкөдөгү муктаж жарандарга гуманитардык жардам таратууда.

 

 

Anahtar Kelimeler: ТИКА, Кыргызстан, азык-түлүк жардамы, берекелүү Рамазан айы, «Эрендердин дасторкону»,

Жаңылыктар