28 Nisan 2021 22:29
Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгү берекелүү Рамазан айында Кыргызстандагы муктаж жарандарга азык-түлүк жардамын таратууда. Аталган агенттик гуманитардык жардамды Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомуна тапшырды.
Гуманитардык жардам курма, макарон, май, ун, күрүч, чай, шекер жана башка азык-түлүктөрдү, ошондой эле беткап жана антисептиктерди камтыйт.
ТИКАнын Бишкектеги координатору Осман Уста баса белгилгендей, 2021-жыл Түркияда президент Р.Т. Эрдогандын жарлыгы менен «Юнус Эмре жана түрк тилинин жылы», «Хажы Бекташ Вели жылы» жана «Ахи Эвран жылы» деп жарыяланган. ТИКА жогоруда аты аталган тарыхый инсандардан илхом алып, «Эрендердин дасторкону» деген концепцияны тандап, ошонун негизинде жардамдарды таратууда.
Кыргызстандагы гуманитардык жардамды таратуу иш-чарасына Кызыл жарым ай коомунун вице-президенти Чыңгыз Жакыпов жана ТИКАнын Бишкектеги координатору Осман Уста катышты.
Гуманитардык жардам таркатылып жаткан аянтчада Юнус Эмренин:
«Келгиле тааныш бололу,
Ишти оңой кылалы,
Сүйөлү жана сүйүктүү бололу,
Бул дүйнө эч кимге калбайт»,-деген ыр саптары;
Ахи Эврандын: «Ахинин колу, эшиги жана дасторкону ачык болушу керек»; Хажы Бекташ Велинин «Бир бололу, ири бололу, тирүү бололу» деген сөздөрү жазылып турду.
Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунун вице-президенти Чыңгыз Жакыповдун маалымдашынча гуманитардык жардам карыларга, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана жесирлерге таратылды.
Anahtar Kelimeler: ТИКА, Кыргызстан, азык-түлүк жардамы,