ТИКА Кыргызстандык дыйкандарга кол сунду.

Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү агенттиги  Кыргызстандык дыйкандарга үрөн жана жер семирткич жагынан колдоо көрсөттү. 

01 Ekim 2020 00:44

Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү агенттиги  Кыргызстандык дыйкандарга үрөн жана жер семирткич жагынан колдоо көрсөттү. 

Жардамды тапшыруу аземи Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба продукцияларынын сапатын көзөмөлдөө борборунда өттү. Аземге Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары Амангелди Исаев, Түркия Республикасынын Кыргыз Русбликасындагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фырат, ТИКАнын Бишкектеги өкүлү Осман Уста, айыл чарба продукцияларынын сапатын көзөмөлдөө борборунун директору Таалайбек Айдаралиев жана дыйкандар катышышты.

ТИКАнын Бишкектеги өкүлү Осман Уста пандемия учурунда дыйканчылыктын жана жер иштетүүнүн мааниси артканын баса белгиледи. "Пандемия маалында Кыргызстанда үрөндүн баасы көтөрүлүп кеткенине байланыштуу дыйкандарга колдоо көрсөтүүнү чечтик. 5 тонна буудай, 400 кг жүгөрү, 400 кг буурчактын үрөнүн жана 5 тонна жер семирткич тапшырдык",-деди ал.

Кыргызстандык дыйкан Рагим Рыскулиев, өмүрүндө биринчи жолу өзүн ушунчалык бактылуу сезип жатканын айтып, дыйкандарга колдоо көрсөткөн Түркияга, ТИКАга жана түрк элине ыраазычылык билдирди. 

Жаңылыктар