Тимуриддердин мамлекеттик тарых музейи

Тимуриддердин мамлекеттик тарых музейи — Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында жайгашкан

28 Mayıs 2022 22:20

Тимуриддер мамлекеттик музейи (Эмир Тимур музейи) Ташкенттин борбордук бөлүгүндө жайгашкан.

Музей Эмир Тимурдун 660 жылдыгына карата негизделген.  Музей салтанаттуу түрдө1996-жылдын 18-октябрында ачылган.

Музей, орто кылымдагы архитектуранын салттуу өзгөчөлүктөрүн камтыйт. Анын көк түстөгү күмбөзү Самарканддагы Гур-и-Эмир күмбөзүн элестейт.

Музей тарыхый аң-сезимди өнүктүрүү жагынан өзгөчө мааниге ээ. Музейде тарыхта өзбектер түптөгөн мамлекеттердин жана цивилизациялардын улуулугу чагылдырылган.

Музейде 5000ден ашык эмгек көргөзмөгө коюлган. Алардын көбү Тимуриддер дооруна таандык.

Музейде Эмир Тимурдун, анын уулдарынын жана неберелеринин дүйнөгө кошкон салымын чагылдырган ар кандай документтер, кол жазмалар, ошол кездеги илимий жана диний борборлордун макеттери, салттуу кийимдер, соот, калкандар жана керамикалык идиштердин коллекциясы сакталган.

Музейди көрүүгө жыл сайын 2 миллиондон ашык киши келет.

Жаңылыктар