Өткөн жылы тарыхый Исхак Паша сарайына келген туристтердин саны рекорддук көрсөткүчтү багындырды

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген жана Осмон империясынын Анадолудагы эң көрүнүктүү эмгектеринин бири болгон Агры облусуна караштуу Догубаязыт районундагы тарыхый Исхак Паша сарайына өткөн жылы 226 миң 600 киши келди. Бул акыркы 9 жылдагы рекорддук көрсөткүч.

18 Mart 2022 20:19

Агры облусунун Догубаязыт районундагы тарыхый Исхак Паша сарайы Чыгыш Анадолу аймагынындагы эң маанилүү тарыхый жана туризм жайларынын бири болуп саналат. Ал архитектурасы, тарыхы жана кереметтүү түзүлүшү менен өзгөчөлөнөт. Тарыхый сарайды көрүүгө келген меймандардын саны арбын. Жыл сайын дүйнөнүн чар тарабынан миңдеген турист келет.

Шаардын борборунан 7 километр алыстыкта ​​жайгашкан  сарай деңиз деңгээлинен 1900 бийиктиктеги дөңсөөгө курулган. Тарыхый сарайда Осмон, Селжук, Барокко жана Рококо архитектурасынын үлгүлөрү кездешет. 

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген сарай мечити, бөлмөлөрү, дубалдары, мүрзөлөрү, ички жана тышкы короолору менен меймандардын көңүлүн бурат. 

Дубалдарында Селжук маданиятынын издерин көрүүгө болот. Дубалдар жогорку чеберчиликте оймо-чиймелер менен кооздолгон. 

Тарыхый сарайды көрүүгө жылдын ар бир мезгилинде көптөгөн турист келет. Меймандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп, тарыхый сарай облустун туризмине маанилүү салым кошууда.

Облустук маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, тарыхый сарайды көрүүгө 2012-жылы 243 миң 873, 2013-жылы 96 миң 858, 2014-жылы 87 миң 172, 2015-жылы 44 миң 602, 2016-жылы 56 миң 484, 2017-жылы 92 миң 830, 2018-жылы 121 миң 94 киши келген. 

Ата бабалардан мурас калган тарыхый сарайды көрүүгө  2019-жылы 167 миң 871, 2020-жылы  Ковид-19 эпидемиясынан улам бир аз убакытка жабылганына карабастан 118 миң 63 мейман келген.

2021-жылы тарыхый сарайды көрүүгө 226 миң 600 киши келген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп.

 

Anahtar Kelimeler: Исхак Паша сарайы, Түркия,

Жаңылыктар