Токтогул Сатылганов - кыргыз адабиятында маанилүү из калтырган элдик акын

Токтогул түрк дүйнөсүндө айтыш жанрындагы ырлардын чоң устаты катары таанымал

26 Aralık 2021 10:47

Токтогул Сатылганов 1864-жылы Кыргызстандын Кетмен-Төбө районуна караштуу Кушчу-Суу айылында туулган. Атасы дыйкан, энеси белгилүү кошокчу болгон.

Токтогул, он эки жашынан эле айыл арасында ырдай баштаган. Акындын лирикалык жанрдагы "Алымкан", "Насылкан", "Кызыл жоолук" аттуу ырлары күнү бүгүнкүгө чейин өзүнүн баасын жоготпой ырдалып келет. Өз заманынын аң-сезимдүү, кыраакы, терең ой жүгүртө билген инсаны катары Токтогул элдин кайгы-муң, ой-санаасына себепкер социалдык калыссыздыкты, курч маселелерди көз жаздымында калтыра алган эмес. Мисалы, атактуу "Беш каман" аттуу ыры менен элди эзип, күн көрсөтпөгөн беш бир туугандарды сынга алган.

Токтогул Дыйканбай аттуу манаптын Арзымат деген ырчысы менен айтышка чыгат. Бул айтыш эл арасында азыркыга чейин айтылып калган. Анда 18 жаштагы өткүр, сөзү курч Токтогул өзүнөн бир топ жаш улуу дасыккан ырчыны жеңип кетет. Акындын өмүр баянын изилдөөчүлөр бир ооздон белгилегендей, ошол айтыш кайсы бир деңгээлде анын тагдырын чечип, төкмө акын терең ойлуу, курч сөзгө да, комузга да шыктуу, үнү да мукам ырчы эле эмес, эл таламын талашып, кедей-кембагалдын мүдөөсүн бий менен байларга жар салган акын катары таанылат.

1898-жылы Андижан көтөрүлүшүнө катышты деген жалаа менен камакка алынып, Сибирге сүргүнгө айдалып кеткенге чейин жашап калат.

Токтогул Сибирде да өз өнөрүн таштабай, токойдо дарак кыйып жүрүп, кайыңдан комуз чаап кыргыздын ырлары менен кошо орус ырларын да чертип, өзүнө окшоп эркинен ажырагандардын көңүлүн көтөрөт. 1902-жылы ал өзүнүн түрмөлөштөрүнүн жардамы менен качып чыгып, жөө-жалаңдап эки жыл дегенде өз мекенине жетет. Бирок, көп өтпөй кайра кармалып, сүргүнгө айдалат. 1910-жылы жазасын өтөп, Кыргызстанга кайтат.  Мекенине кайткада аны өкүнүчтүү кабар күтүп турган. Анын жалгыз уулу Топчубай каза болуп, жубайы башка күйөөгө тийип кеткен. Ал эми апасы Бурманын көзү көрбөй азаптуу күн менен алпурушуп аткан экен. Мына ушул турмуштун оор соккусу акынды бышырган. Анын ырга болгон сүйүүсү бекемделип наамы элге-журтка кеңири тарала баштаган.

Токтогул элдик оозеки чыгармачылыктагы санат, арман ырларын ирилетип, чоң чыгармаларга айланткан. Анын ырчы-төкмөлүк жактан калыптанышына улуу курактагы акын-ырчы, комузчулардын чоң таасири тийген. Алардын катарында атактуу Эсенаман, Ниязалы комузчу, Сары ырчылар буга мисал. 

Токтогул айтыш жанрындагы ырлардын чоң устаты. "Манас" эпосун, кенже эпосторду да айткан. 1938-жылы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Кийин ырларынын эки томдугу кыргызча, эки томдугу орусча, бир томдугу французча чыгарылган.

1933-жылы 69 жаш курагында туулган жеринде дүйнөдөн кайткан.

Ал каза болгондон көп өтпөй Бишкек шаарында Токтогулдун айкели орнотулган.  Эл акынга, «тоо булбулу» деген наам беришкен. Ал кыргыз элинин эл акыны.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы бар. Бул абройлуу сыйлык адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байытууга жана жакындаштырууга чоң салым кошкон, эстетикалык жана тарбиялык таасири күчтүү, ошондой эле коомго кеңири таанылган мыкты чыгармаларга эки жылда бир жолу ыйгарылат.

Токтогулдун ысымы Кыргыз улуттук филармониясына, бир катар көчөлөргө, айылдык жана райондук мекемелерге, мектептерге ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын улуттук акча бирдиги сомдун 100 сомдук банкнотунда анын элеси чагылдырылган.

2014-жылы ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Токтогулдун 150 жылдыгынын урматына акынды эскерүү жылы деп жарыялап, түрк мамлекеттеринде бир катар иш-чаралар өткөн.

 

 

Anahtar Kelimeler: Токтогул Сатылганов, Кыргызстан,

Жаңылыктар