Томирис — сак-массагеттердин ханышасы

Легендарлуу Томрис жөнүндөгү уламыштар казактарда муундан муунга өткөрүлүп келет.

25 Eylül 2021 20:11

Томирис (өзү тектүү жерден чыккан, сак урууларынын ханышасы болгон. Томирис кайсы сак ханынын жесири болгондугу жана анын ата-теги ким экендиги жөнүндө окумуштуулар эмгиче карама-каршы ой айтып келишүүдө.

Томирис-болжол менен б.з.ч. VI кылымда жашаган. Ал скифтердин башчысы Ишпакайдын тукумунан болгон. Ал Мадиянын чөбөрөсү, легендарлуу башчы Сыпыранын небереси же кызы болгон деп айтылат. Томирис беш жашында эле атка отуруп, ээн талаага чаптырып жүргөн. Алты жашында колуна оор акинак алып, колдонууну үйрөнгөн. Томиристи атасы жаш кезинен баарына үйрөткөн. Өз апасы эрте каза болгон.

Томиристин күйөөсү Рустам, абдан күчтүү баатыр болгон. Ал массагеттердин эң күчтүүсү делген баатырларын кармаштарда жеңе билген. Экөө үйлөнгөндөн кийин атасы көз жумат. Күйөөсү Рустам көз жумгандан кийин тактыга Томирис отурат. Томирис өлгөндөн кийин сактарды бир эле маалда үч хан башкарып калган.

Ахеменилер державасынын падышасы Кир II массагеттерди баш ийдирүү үчүн Орто Азияга биздин заманга чейин VI кылымда кол салган. Кир II өзүнүн элчисин жиберет. Ал Томиристи ага турмушка чыгууга жана эки элди согушсуз бир мамлекет кылып бириктирүүнү сунуштайт. Бул сунушка сактардын ханышасы баш тартат.

Сактарды ал убакта алардын каза болгон башчысынын аялы Томирис башкарып турган. Кир II ге аял эмес, көптөгөн жерлер, байлыктар, сактардын эр жүрөк жоокерлери керек экендигин ал жакшы түшүнгөн.

Томирис, душманга бөтөн жерде согушкан кыйыныраак болот деп ойлогон. 200 миңдей Кирдин аскерлерине каршылык көрсөтүү үчүн Томирис да ошончо армия топтоого аргасыз болгон. Томиристин баласы жетектеген биринчи салгылаш сактардын жеңиши менен аяктайт.

Сактардын салты боюнча жеңиштин урматына салтанат өткөрүлгөн. Ушул учурдан пайдаланып фарсилер Кир жоокерлеринин үчтөн бир бөлүгүн жана Томиристин баласы Спаргаписти туткунга алган. Томирис Кирге элчи жиберип, сактардын жеринен чыгып кетүүсүн жана баласынын сөөгүн талап кылган. Экинчи салгылашууда сактар фарсилерди талкалаган. Ата журтунун көз карандысыздыгы үчүн болгон күрөштү Томирис жетектеген. Ал согушта каныша Томиристин уулу курман болгон. Томирис амал менен Кирди колго түшүргөн.

Гегендарлуу каарман боюнча белгилүү казак режиссеру Акан Сатаев көркөм тасма тарткан. Тасма учурда Түркияда көрсөтүлүүдө.

 

 

Anahtar Kelimeler: Томирис,

Жаңылыктар