Тоолуу Карабактагы урандыга айланган көрүстөндөр

Армениялык күчтөр, Азербайжандыктарга таандык конуштарды  гана эмес көрүстөндөрдү да талкалап салышкан.

26 Şubat 2021 08:31

1990-жылдары Азербайжанга таандык аймактарды басып алган Армениялык күчтөр, Азербайжандыктарга таандык конуштарды  гана эмес көрүстөндөрдү да талкалап салышкан.

Маалым болгондой бир канча ай мура Азербайжандык аскерлер өз аймагын окуппациядан бошотту. Мына ошондо талкаланган имараттардын күтүлгөндөн да көптүгү байкалды.  Фузули, Жабрайыл, Зенгилан, Губадлы жана Агдам конуштары толук талкаланып, талап-тонолуп кеткен. Бул аймактарда имараттардын оордунда үйүлгөн таштар турат.  Мурдагы кооздуктардан эч нерсе калган эмес. Аты аталган шаарлардагы күмбөздөр да ушунда эле көрүнүшкө ээ.

Өз учурунда туулуп өскөн жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон азербайжандыктар 30 жылдан кийин мекенине кайтып барып, түз эле ата-бабалардын арбагы жаткан күмбөздөрүнө барышты.  Тилекке каршы күмбөздөр талкаланып, сүрөттөр жана жазуулар чийилип калганын көрүштү. Көпчүлүгү жакындарынын мүрзөсүн таба алышкан жок.

Армяндар тарабынан бузулуп, талкаланган жүздөгөн көрүстөндөрдүн бири-Жабраил шаардык көрүстөнү. Ал шаарга жакын жайгашкандыктан бир да көрүстөн соо калган эмес. Армяндар, мусулман түрктөргө таандык мүрзөлөрдүн изин атайылап жок кылгандай. Айрым мүрзөлөрдүн ичи ачылып, сөөктөр чачырап жатканын көрүүгө болот.

"Бул вандализмдин эң жийиркеничтүү түрү"

Азербайжан Республикасынын Президентинин кеңешчиси Хикмет Гаджиевдин айтымында армяндардан бошотулган аймактардагы көрүстөндөрдүн бардыгы жараксыз абалда.

Гаджиев «Армяндар маркумдардан өч алгысы келгендей. Бул вандализмдин эң жийиркеничтүү түрү. Эл аралык коомчулук армяндардын мыкаачылыгын көрүшү керек »,-деди.

Жаңылыктар