Требинье шаары дүйнөдөгү эң мыкты шаарлардын катарын толуктайт

Босния жана Герцеговинадагы тарыхый Требинье өзүнүн табигый кооздугу жана тынч жашоосу менен танымал. Германиялык Focus журналы Требинье шаарын "пенсияга чыккандан кийин жашоо үчүн эң ыңгайлуу шаар" деп тапты.

31 Aralık 2021 20:08

Германиялык Focus журналы Требинье шаарын "пенсияга чыккандан кийин жашоо үчүн эң ыңгайлуу шаар" деп тапты. Сурамжылоо дүйнөнүн 575 шаарында жүргүзүлгөн.

Аталган журнал, 575 шаарды Германиянын борбор шаары Берлинге салыштырган.  Шаардагы  орточо ижара акысы жана климат, абанын сапаты жана транспорт шарттары бааланган. Рейтингде Требинье  шаары 100 81,9 балл алып, тизменин сап башында орун алды.

Журнал, Требиньенин тарыхый өзгөчөлүгүн көңүл бурган. 

Түркияныны Анталья  шаары тизмекте экинчи орунда. 3-орунду Индиянын Мангалор шаары ээлеген.

Алгачкы 10до Кытайдын Циндао, Эквадордун Куэнка, Бразилиянын Сорокаба, Португалиянын Коимбра, Болгариянын Велико Тарново, Румыниянын Темешвар жана Хорватиянын Осиек шаарлары бар. 

Жаңылыктар