ТРТ Аваз каналында Нооруз шаңына күбө болуңуздар

ТРТ Авазда жаздын келишин билдирген Нооруз майрамынын салтанаттуу аземи өтөт.

21 Mart 2022 14:12

ТРТ Аваз телеканалы Нооруз майрамына арналган концерттик программа тартуулайт. Түркия Республикасынын Президенттик аппаратынын симфониялык оркестри жана эл аралык ТҮРКСОЙ уюму уюштурган майрамдык салтанат Түркиянын сааты менен 19:00до көрүүчүлөргө сунушталат. 

Нооруз майрамы менен катар ТРТ Аваз каналынын 13 жылдыгы белгиленет.

Анын алкагында түрк дүйнөсүнөн келген өнөр адамдары концерттик программа тартуулайт. Марат Жабыров дирижерлук кыла турган программанын көркөм жетекчиси Арман Эрмухаммед.

Иш-чара алкагында ыр-бийлер аткарылып, Түркия, Өзбекстан, Кыргызстан, Азербайжан, Түркмөнстандын элдик оюн зооктору менен коштолот.

Anahtar Kelimeler: Нооруз, ТРТ Аваз,

Жаңылыктар