94

ТРТ Радиосуна 94 жыл

Түркияда радио уктуруунун 94 жылдыгы белгиленди.  ТРТ мекемеси  "Менин радиом, сиздин салымыңызды күтөбүз" деп аталган онлайн иш-чара уюштурду.

07 Mayıs 2021 13:03

ТРТ мекемеси уюштурган иш-чарага чет өлкөлөрдө түрк тилинде радио уктурууларды даярдаган адистер катышты. ТРТнин Радио жана музыка башкармалыгын төрагасы Ахмет Акчакая, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Македония, Кыргызстан жана Азербайжандык өкүлдөр, чет өлкөдө түрк тилинде уктуруу даярдоонун ыкмалары жана тажрыйбалары менен бөлүштү.

Эскерте кетсек, мындай иш-чаралар жыл сайын Түркияда өткөрүлүп келген. Бирок эки жылдан бери пандемиядан улам, иш-чара онлайн форматта өтүүдө.

Иш-чарага катышкан чет өлкөлүк өкүлдөр, түрк тилинде уктуруу даярдоодо ТРТнин радио каналдарынан мисал алышаарын белгилешти.

Anahtar Kelimeler: ТРТ Радиосу, 94 жыл,

Жаңылыктар