ТРТ телеканалы биргелеше тарткан "клондайк" тасмасынын Европадагы преьмерасы болду

Түркия жана Украина биргелеше тарткан "клондайк" тасмасынын Европадагы преьмерасы болду. Тасма, 72-Берлин кинофестивалы алкагында көрүүчүлөргө сунушталды.

15 Şubat 2022 22:21

"Клондайк" тасмасы алгач январь айында АКШда өткөн "Санденс" кинофестивалында көрсөтүлгөн. Тасма европалык көрүүчүлөргө сунушталды. 

Тасманы Украинанын мамлекеттик кино агенттиги, Маданият жана туризм министрлигине караштуу Кино башкармалыгы жана ТРТ биргелеше тарткан.

Тасма, Эл аралык Берлин кинофестивалынын "панорама" бөлүмүндө көрсөтүлдү.

Тасманын режиссёру Марина Эр Горбах.

Тасмада, Украина-Орусия чек арасында, курчоодо калган айылда жашаган кош бойлуу аялдын тагдыры баяндалат.

"Клондайк" тасмасынын режиссеру  Марина Эр Горбах АКШда өткөн "Санденс" кинофестивалында "мыкты режиссёр" сыйлыгын жеңип алган.

Anahtar Kelimeler: "Клондайк" тасмасы,

Жаңылыктар