ТРТнин көп бөлүмдүү тасмалары кыргыз тилинде тартууланат

ТРТ каналынын «Уяныш Улуу Селжук», «Дирилиш Эртугрул» жана «Пайитахт Абдүлхамид» тасмалары кыргыз тилинде тартуулана турган болду.

07 Nisan 2021 19:00

Кыргызстанда түрк сериалдары өтө популярдуу. Өлкөдөгү телеканалдар түрк сериалдарын көрсөтүү үчүн бири-бири менен атаандашып турушат.  Көрүүчүлөр COVID-19 өкүм сүрүп турган азыркы мезгилде дээрлик бардык телеканалдардан түрк сериалдарын көрүшөт. Тилекке каршы тасмалардын көбү орус тилинде тартууланат. Анткен менен кыргыз тилинде тартууланган сериалдар да жок эмес.

Түрк сериалдарын кыргыз тилинде коштоо үчүн атайын команда түзүлдү

Мамлекеттик жаштар театрынын жаш актеру жана Кыргыз-түрк «Манас» университетинин бүтүрүүчүсү Эрмек Казыбековдун айтымында учурда кыргыз коомчулугунда кыргыз тилиндеги түрк сериалдарына суроо-талап көбөйдү. Мындан улам жаштар атайын команда түзүп, түрк сериалдарын кыргыз тилине которуп, үн менен коштой турган болушту.

Кыргызстандыктар «Уяныш Улуу Селжук» тасмасын чыдамсыздык менен күтүүдө

Түрк сериалдарын кыргыз тилинде коштой турган команда учурда «Уяныш Улуу Селжук» тасмасын которуунун үстүндө иштеп жатат. Жалпы түрк тилдүү элдердин тарыхын, тилин жана маданиятын чагылдырып, мамлекетке жана элге кызмат кылууну даңазалаган, эл үчүн жоопкерчилик алууну үйрөткөн тасмага кыргызтандыктардын кызыгуусу чоң.

Тасмадагы сөздөр окшош

Казыбеков белгилгендей сериалда кыргыздардын салттуу тиричилик жабдуулары жана музыкалык аспаптары колдонулган. Бул аябай таасирдүү. Ошондой эле сериалда колдонулган сөздөрдүн дээрлик жарымы кыргызчага окшош.

«Дирилиш Эртугрул» жана «Пайитахт Абдүлхамид» тасмалары да которулат

Казыбековдун айтымында «Уяныш Улуу Селжук», сериалынан кийин «Дирилиш Эртугрул» жана «Пайитахт Абдүлхамид» тасмалары да кыргыз тилинде тартууланат. Андан сырткары кыргыз-түрк достугун даңазалай турган көп бөлүмдүү тасма жаратуу максатталууда.

 

Anahtar Kelimeler: түрк сериалдары, кыргыз тилинде,

Жаңылыктар