2-34-500

"Цивилизациялардын бешиги" аталган Ани шаарчасына соңку 2 ай ичинде 34 500 турист келди

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Карстагы Ани урандыларына жылдын алгачкы 2 айында 34 миң 500 киши келди.

14 Mart 2022 13:07

Ак карга бөлөнгөн байыркы Ани шаарчасы жомоктогудай көрүнүшү менен туристтерди өзүнө тартат. Түркиянын Карс облусунда жайгашкан байыркы Ани шаарчасы ак карга бөлөнгөндө өзгөчө кооздукка бөлөнөт.

Кылымдарды карыткан Ани шаарчасы Арпачайдын эки кууш капчыгайынын ортосунда жайгашкан.

Шаарча,Баграттардын, Византиялардын башкаруусунда болгон. Кийин Султан Алпарслан Ани шаарчасын каратып, Улуу Селжук мамлекетинин карамагына өткөн.

Кылымдар бою Ани шаарында христиандар менен мусулмандар жанаша жашаган.

Шаарда, ар бири өзүнчө кооздукка ээ көркөмдүү мечиттер, чиркөөлөр, тарыхый курулуштар орун алган. Шаарда ислам архитектурасынын эмгектерин да кездештирүүгө болот.

Ани шаары 15-июль 2016-жылы ЮНУСКОнун Дүйнөлүк мурас тизмегине кирген.

Байыркы Ани шаары «Дүйнө шаары», «цивилизациялардын бешиги», «миң бир чиркөө» жана «40 дарбазалуу шаар» деп да аталып жүрөт.

Ани шаарына келген туристтер Анадолудагы алгачкы түрк мечити болгон «Абул Менучехр» мечитин, «Аменапргич» чиркөөсүн, «Ани» катедралын, «Дикран Хонентц» чиркөөсүн, «Абугамир Пехлавуни» чиркөөсүн көрүп, тарыхый баалуулуктар менен танышып кайтышат.

Өткөн жылы Аниге  66 миң 200 зыяратчы келсе, быйыл январь жана февраль айларында 34 миң 500 киши Ани шаарчасын көрүүгө келди. Бул көрсөткүч өткөн бир жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп. 

 

Anahtar Kelimeler: Ани шаарчасы,

Жаңылыктар