Тулпар-Көл-бийик тоодогу өтө кооз көл

Тоолор менен курчалган Тулпар-Көл табияты менен суктандырат.

03 Haziran 2022 20:46

Тулпар-Көл бийик тоодогу өтө кооз көлдөрдүн бири болуп саналат.

 

Ал Кыргыз Республикасынын түштүгүндө, Ош облусунда жайгашкан.

Ал Алай тоо кыркасынын кызыктуу ажайып жайы.

Тулпар-Көл деңиз деңгээлинен 3500 м бийиктикте жайгашкан.   

Анын жаратылышын жарашыктуу көркүнө чыгарып көлдү айландыра курчаган тоо кыркалары, кызыл адырлар, асман тиреген аскалуу чокулар курчайт.

Көлдүн айланасында көк чөптөр өсөт.

Аба ырайы ачык болгондо, Алай тоолорунун ак чокулары көл суусуна чагылышып, укмуштуудай сонун айкалыш жаратат. Асман тиреген чокулар көлдүн жаркыраган суусуна чагылышып, көзгө көркөмдүү көрүнөт.

Тулпар-Көл Ленин чокусунун этегинде жайгашкандыктан туристтер жана альпинисттер көп баруучу жайлардын бири.

Жаңылыктар