Тунжелидеги Кыркмердивен шаркыратмасы кооздугу менен меймандарды өзүнө тартат

Тунжелинин Оважык районундагы Кыркмердивен шаркыратмасында жаратылыштын койнунда эс алгысы келген меймандар арбыды.

08 Haziran 2022 10:35

Оважык районун Мунзур жана Мержан тоолору курчайт. 

Ал деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктикте жайгашкан.

Ал өзүнүн  кол тийбеген жаратылышы менен төрт мезгилде тең өзгөчө кооз, өзгөчө көрктүү.

Жаратылышты сүйүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулаган өзгөчө кооз аймактардын бири болгон Оважыкта акыркы жылдары тоо жана жайлоо туризми өнүгүүдө.

Кышкысын лыжа тебүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлсө, жаз жана жай мезгилдеринде кемпинг, рафтинг, велосипед жана треккинг  менен алектенүүгө болот.

Райондогу Кыркмердивен шаркыратмасы болсо, өзгөчө ысык аба ырайынында мелүүн жерде эс алгысы келгендерге жагымдуу маанай тартуулайт.

Жапжашыл жибекти жамынгандай, жайкалган кооз төрү бар шаркыратманы көргөн да көрбөгөн да арманда.

Кыркмердивен шаркыратмасы эс алуучуларга коопсуз жана жаратылыш кучагында эс алуу үчүн шарт түзөт.

 

 

 

 

 

 

Жаңылыктар