Тышкы иштер министри Казакбаев Украинанын элчиси менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жевтонко менен жолукту.

25 Şubat 2022 14:16

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жевтонко менен жолукту. 

Маалыматка ылайык, элчи Украинадагы болуп жаткан окуялар тууралуу кеңири маалымат берди.

Казакбаев чыр-чатактар тез арада жөнгө салынарына үмүттөнөрүн, ошондой эле эл аралык укуктардын жалпы таанылган принциптеринин жана нормаларынын чегинде гана саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен учурдагы кырдаалды деэскалациялоо жана жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөрдүн жаңы форматтарын, анын ичинде эл аралык уюмдардын жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин платформаларында издөө зарылдыгын белгиледи.

Ал арада министрлик Кыргызстандын Украинадагы элчилигине өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүнү каалаган 300дөн ашык кыргызстандык кайрылганын маалымдап, учурда, жарандарды эвакуациялоо аракеттери башталганын жарыялады.

Anahtar Kelimeler: Украина, Кыргызстан, Казак, Украина, , Руслан Казакбаев,

Жаңылыктар