Украин армиясы Киевге чукул аймактарда орус аскерлери менен кагылышууада

Украин армиясы Киевге жакын шаарды басып алууга аракеттенген орус аскер бөлүктөрүнө бөгөт койгонун жарыялады.

28 Şubat 2022 08:55

Украинанын Башкы штабы орус аскер бөлүктөрү абадан жана кургактан чабуулдарын улантып жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык орус аскерлери аскердик жана жарандык аэропортторго, башкаруу борборлоруна, абадан коргонуу системасынын объекттерине, маанилүү инфраструктура объектилерине жана калктуу конуштарга чабуул жасап, Ирпин дарыясынан өтүүгө аракет кылган. Бирок алардын бул аракети ишке ашкан эмес.

 «Украинанын коргонуу күчтөрү душмандын жаңы техникасын жок кылды. Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн танк жана механикалаштырылган бөлүмдөрү артиллериялык колдоо менен белгилүү линияларды коргоп турушат. Украинанын аба күчтөрү душмандын аба соккуларынын мизин кайтарууда. Коргоо күчтөрүнүн топтору Киевде бекем жана көп катмарлуу коргонуу системасын жайгаштырды»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Украин армиясы украиндик аскерлердин формасын кийген 3-15 кишиден турган орусиялык диверсиялык топторго каршы системалуу күрөш жүрүп жатат.

Гостомель аскер базасына жакын жердеги Ирпин шаары баш калаа Киевдин борборунан болжол менен 25 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан.

 

 

Anahtar Kelimeler: Украина,

Жаңылыктар