500

Украина Индиядан коронавируска каршы 500 миң доза вакцина сатып алат

Украина Индиянын коронавируска каршы Covishield вакцинасын сатып алаары маалымдалды.

21 Şubat 2021 11:23

Украина Индиянын коронавируска каршы Covishield вакцинасын сатып алат. Бул туралуу Индиянын Украинадагы элчилиги расмий Facebook баракчасынан билдирди. Элчиликтин маалыматына караганда Украина Индиядан жалпы 500 000 доза вакцина алат. Анын алгачкы партиясы жакынкы аралыкта алынып келет. Ошентип Украина Индиялык вакцинаны сатып алган алгачкы өлкө болу калды.

Украина глобалдык COVAX программасынын алкагында 8-16 млн доза вакцина алууну көздөдө. Ошондой эле Киев 2020-жылы Кытайлык комания менен 1,9 миллион доза вакцина сатып алуу боюнча макулдашууга жетишкен.

Украинада соңку суткада 6295 кишиден коронавирус аныкталды.

Жаңылыктар