Украина КМШ алкагында кол коюлган дагы эки келишимден чыкты

Украина КМШ менен жарандык авиация жана аба мейкиндиктери жөнүндө келишимдерден чыкты.

24 Şubat 2021 15:32

Украина КМШ алкагында кол коюлган жарандык авиация жана аба мейкиндиктерин пайдалануу жөнүндө эл аралык келишимдерден чыкты. Тиешелүү жарлыкка Украинанын президенти Владимир Зеленский кол койду. Бул туурасында Украина президентинин расмий сайтында айтылат. Аталган келишимдерге 1991-жылы Минск шаарында жана 1992-жылы Ташкент шаарында кол коюлган.

Эске салсак, 17-февралда Украина почта жана электр байланышы жаатында КМШ менен мамлекеттер аралык келишимдерден да чыккан.

Жаңылыктар