novavax

Украина Novavax компаниясынан коронавируска каршы вакцина алат

Украина АКШлык Novavax компаниясынан 15 миллион доза вакцина сатып алат

22 Şubat 2021 13:52

Украина АКШлык Novavax компаниясынан коронавируска каршы вакцина сатып алат. Бул туралуу Украинанын Саламаттык сактоо министри Максим Степанов билдирди. Министрдин маалыматына караганда Украина Novavax  компаниясынан жалпы 15 млн доза вакцина алат. Анын алгачкы партиясы июль айында өлкөгө алынып келет.

Буга чейин Украина Индиядан коронавируска каршы 500 миң доза Covishield вакцинасын сатып алуу боюнча макулдашууга жетишкен. Аталган вакцинанын 150 миң дозалык 1-партиясы Түрк Аба Жолдоруна таандык учак менен бүгүн Киевге жеткирилди.

Украина глобалдык COVAX программасынын алкагында 8-16 млн доза вакцина алууну көздөдө. Ошондой эле Киев 2020-жылы Кытайлык комания менен 1,9 миллион доза вакцина сатып алуу боюнча макулдашууга жетишкен.

Жаңылыктар