Украина: Орус аскерлери Харьковго кирип келди

Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси орус аскерлери Харьковго кирип келгенин жарыялады.

27 Şubat 2022 10:29

Орус аскерлери Украинанын ири шаарларынын бири Харьковго кирип келгени маалымдалды. Орусиялык аскерлердин Харьковго киргени тартылган видеолор тарай баштады.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Херсон жана Бердянск шаарларын курчоого алынганын билдирди.

Донбасс кризиси жана Орусиянын Украинага чабуулу

2014-жылдагы майдан окуяларынан көп өтпөй ошол кездеги президент Виктор Янукович Орусияга баш калкалаган. Анын ордуна батышчыл позицияны карманган Петро Порошенко кызматка келген.

Орусия Украинанын жаңы өкмөтүн тааныбай, 2014-жылдын март айында Крымды аннексиялап алган. Орус улутундагы калк жыш отурукташкан Донецк жана Луганск облустары  конфедеративдик мамлекетке - Элдик Республикалар Союзуна биригүү чечимин жарыялашкан. 

2014-2015-жылдары Минск келишимдерине кол коюлган. Бирок кок атпоо режими бузулуп, кагылышуулар улам катталып турган.

Февраль айында кагылышууларда баш аягы 14 миң адам каза болдгону маалымдалган.

Орусия 2021-жылдын аяк ченинде Украина менен чектешкен аймагына он миңдеген аскерлерин жайгаштыра баштаган. АКШ Орусия басып алууга даярданып жатканын эскертсе, Орусия муну четке кагып келген. Батыш эгер Орусия Украинага кол сала турган болсо мунун экономикалык оор кесепеттери болоорун эскерткен.

Москва администрациясы, Донбасстагы жикчил өкмөттөрдү таанып, 24-февралда Украинанын аймагына чабуулун баштады.

Президент Владимир Путин Орусиянын  максаты "Киев тарабынан геноцидге дуушар болгон элди коргоо, Украинаны нацизм менен милитаризмден тазалоо" экенин айтып,  украин армиясын куралын таштоого чакырды.

 

Anahtar Kelimeler: Украина, , Харьков, Украина,

Жаңылыктар