Украина Россияга саясий кысымды күчөтүүгө чакырды

Украина эл аралык коомчулукту Россияга каршы саясий кысымдарды жана санкцияларды күчөтүүгө чакырды.

26 Şubat 2021 17:38

Украинанын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 7 жыл мурда, 2014-жылдын 26-февралында Орусия Крымды мыйзамсыз аннексиялап алып, буга байланыштуу Крымдык татарлар, жарым аралды Украинадан бөлүп алуу максатын көздөгөн Россияга каршы, Крым парламентинин алдында нааразычылык акциясына чыгышкан. Ошентип 26-февраль Украинада, "Крымды басып алууга каршы туруу күнү" катары белгиленип келет.

Билдирүүдө, Россия Крымды мыйзамсыз тартып алуу менен эл аралык эрежени бузгандыгы айтылат.

«Окуппацияга каршы чыккандарга Россия системалуу түрдө кысым көрсөтүп келе жатат»,- деп жазылат.

Россиянын Крым татар түрктөрүн атайын куугунтукка алгандыгы,  Россияга каршы чыккандардын баардыгын  террорчу деп атаганы белгиленет.

Министрлик, эл аралык коомчулукка кайрылып, Крымдан чыгып кетүүсү жана саясий туткундарды бошотуусу үчүн Россияга саясий кысымдарды жана санкцияларды күчөтүүнү сунуштаган. Ошондой эле Крымды бошотууну көздөгөн Крым платформасына кошулууга чакыран.

Жаңылыктар