Украина: соңку суткадагы окуялар

Украинанын аймактарында түнү бою кол салуулар уланды.

03 Mart 2022 12:20

Украина менен Орусиянын делегацияларынын согуштук аракеттерди токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда. Тилекке каршы, сүйлөшүүлөрдү утурлай Орусиянын чабуулдары токтогон жок.  Киев баш болгон Украинанын көптөгөн шаарлары түнү бою кол салууга кабылды. 

Шаршембинин кечинде орус күчтөрү Украинанын баш калаасы Киевге жана Харьков шаарына сокку урууну улантты. Анын алдында эки шаарда тең аба соккусу болорун эскерткен сиреналар жаңырды.

Киевдеги төрт ири жардыруудан жабыркагандар бар-жогу азырынча белгисиз.

Ал арада АКШнын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, күйүүчү май жана тамак-аштын жетишсиздигинен улам орус аскерий унааларынын чоң кербени  Киевге жакын жерде турганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлер Украинанын Херсон шаарын басып алганын жарыялады.   Бул Москванын коңшу өлкөнүн ири шаарлары өзүнүн ээлигине өткөнүн билдирген биринчи учуру.

Украинанын президенти В. Зеленский Украиналыктардын өлкөнү коргоодогу эрдигин даңктаган видео жарыялады.

Бириккен Улуттар Уюму Украинадагы соңку окуяларга байланыштуу өлкө аймагынан 1 миллиондон ашык киши чыгып кеткенин жарыялады.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Украинадагы согуш кылмыштары боюнча иликтөөсүн баштады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597 и жаракат алганын жарыялады. Бул Орусиянын алгачкы расмий билдирүүсү болуп калды. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлеринин санын ушуга чейин айтпай келген.

Moody's эл аралык кредиттик рейтинг агенттиги Орусиянын кредиттик рейтингин "Baa3"ден "B3"ге түшүрдү.

Европада орустарга каршы реакция күчөй баштады.

Anahtar Kelimeler: Украина,

Жаңылыктар