Украинада аскердик абал режими киргизилди

Украинанын президенти Владимир Зеленский аскердик абал киргизүүнү жарыялады.

24 Şubat 2022 08:56

Украинанын президенти Владимир Зеленский аскердик абал киргизүүнү жарыялады. Бул тууралуу ал украиналыктарга кайрылуу жасаган учурда билдирди.

“Урматтуу Украинанын жарандары! Бүгүн президент Путин Донбасста атайын аскердик операция жасоону жарыялады. Россия биздин аскердик инфраструктураларыбызга сокку урду”, - деди ал.

“Биз аскердик абал киргизебиз”, - деди Зеленский.

Ал Орусияны өлкөнүн аскердик жана чек арадагы объекттерине чабуул жасаганы үчүн айыптады.

Путин Донбасста атайын аскердик операция баштоону тапшырды

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды.

"Бириккен Улуттар Уюмунун  51-беренесине ылайык, Федералдык Кеңештин санкциясы менен мен атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алдым. Биз Украинаны демилитаризация жана денацификация кылганга аракет кылабыз. Ошондой эле жайкын тургундарга, алардын ичинде Орусиянын жарандарына каршы бир топ кандуу кылмыштарды жасагандарды сот жообуна тартабыз",- деди Путин.

Байден: Дүйнө Орусияны жоопко тартат

АКШнын президенти Жо Байден Украинанын чыгышындагы Донбасста атайын аскердик операция баштаган Орусияга: "Өлүм жана кыйроо үчүн Орусия гана жооп берет. Дүйнө Орусияны жоопко тартат" деди.

Орусиянын өзөктүк кубатына басым жасалууда

В. Путин кан төгүүлөр үчүн бүт жоопкерчилик толугу менен Украинда болорун билдирди.

"Аскердик жактан алып карай турган болсок азыркы Орусия СССР кулагандан жана маанисин жоготкондон кийин да бүгүнкү күндө эң күчтүү ядролук державалардын бири. Куралдын заманбап түрлөрү боюнча бир катар артыкчылыктарга ээ. Андыктан Орусияга тикелей кол салуу потенциалдуу агрессор үчүн жеңилүүгө жана оор кесепеттерге алып келеринен эч ким күмөн санабашы керек",-деди ал.

Anahtar Kelimeler: Украина,

Жаңылыктар