Украинада элдин эвакуациясы үчүн убактылуу ок атпоо күчүнө кирди

Орусия Украинанын 5 шаарындагы карапайым элдин эвакуациясына жол берүү үчүн гуманитардык коридорлорду түздү. Орус Коргоо министрлиги 9-мартта Москва убактысы боюнча саат 10дон баштап, Киев, Чернигов, Сум, Харьков жана Мариуполдон коридор ачканын билдирди.

09 Mart 2022 12:42

7-мартта Беларустун Брест облусунда Орусия менен Украинанын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы өтүп, анын жыйынтыгында эки тарап тең, гуманитардык коридорлорду ачуу жаатында макулдашууга жетишилгенин жарыялашкан.

Орусия Украинанын бир катар шаарындагы карапайым элдин эвакуациясына жол берүү үчүн гуманитардык коридорлорду түзгөнүн маалымдаган. Орус Коргоо министрлиги Киев, Чернигов, Сум, Харьков жана Мариуполдон коридор ачканын билдирген.

Кечээ күнү ок атышпоо мезгил-мезгили менен бузуганын карабастан жарандарды коопсуз аймактарга эвакуациялоо аракети жүрдү. 

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Киев, Мариуполь, Харьков, Чернигов жана Сум шаарларынан жарандарды эвакуациялоону улантуу үчүн бүгүн да убактылуу ок атышпоо жарыялаганын билдирди.

Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр

Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы 28-февралда украин-беларус чек арасында өткөн. Тараптар анда бир пикирге келе алышкан эмес. Айрым чечимдер такталганын, калганын өз жетекчилери менен кеңешүү үчүн артка кайтып жатканын билдиришкен. 

Беларустун Брест облусунда орус-украин делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы 3-мартта өткөн. Анда тараптар  ок атышууну  токтотуу, тынчтык келишимине келүү жана жайкын тургундарды эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридор ачуу маселелерин талкуулашкан.

Бирок ок атышпоо бузулуп, тараптар бири-бирин айыпташкан.

Anahtar Kelimeler: Украина,

Жаңылыктар