Украинада кыргызстандыктарды эвакуациялоо башталды

Кыргызстан Украинадагы жарандарын Венгрия аркылуу эвакуациялай баштады.

28 Şubat 2022 20:24

Украинадан Кыргызстандын 107 жараны Венгрияга эвакуацияланды. Бул тууралуу КыргызстандынТышкы ишер министрлиги билдирди.

Эвакуациялоону Кыргызстандын Украинадагы элчилиги жана Кыргызстандын Венгриядагы ардактуу консулу Эндре Эрдос уюштурган.

Белгилей кетсек  Украинанын үч шаарында (Киев, Харьков, Одесса, Львов) кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл алчу жай ачылган.

Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуацияланат.

Украинада 1357 кыргызстандык бар. Алардын 680и консулдукта каттоодо турат.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Украина, эвакуация,

Жаңылыктар