Украинада жалпы мобилизация жарыяланды

Орусиянын Украинага жасаган чабуулдарында 137 адам набыт болуп, 116 киши жабыркады. Президент Владимир Зеленский Украинага аскердик режим киргизди.

25 Şubat 2022 10:56

Украинанын президенти Владимир Зеленский  өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялады. Ал Орусияны өлкөнүн аскердик жана чек арадагы объекттерине чабуул жасаганы үчүн айыптады.

"Мен Украинадагы бардык жарандарды үйлөрүндө болууга чакырам. Армия иштеп жатат. Биз иштеп жатабыз. Дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Биз күчтүүбүз, биз баарына даярбыз. Биз жеңебиз. Украинага даңк!" - деди Зеленский.

Жалпы мобилизация 90 күнгө созулат

Украинанын президенттик аппараты тараткан маалыматка караганда жалпы мобилизация күчүнө киргенден тартып 90 күндү камтыйт.

Мындай чечим Улуттук Коргоо жана Коопсуздук Кеңешинин сунушу менен өлкөнүн коргонуусун күчтөндүрүү максатында кабыл алынган.

Резервдеги аскерлер чакырылууда

Украинада резервдеги аскерлерди чакыруу башталган. Ага офицерлерден тартып сержант курамындагы кишилер кирет. 

Жалпы моблизация алкагында армияга канча киши чакырылаары такталууда.

Ал арада Орусиянын Украинага жасаган чабуулдарында 137 адам набыт болуп, 116 киши жабыркады. 

"Украина жалгыз"

"Украина жалгыз, Батыш, сөз менен колдоо көрсөтүп жатат", - деди Зеленский өз билдирүүсүндө.

Зеленский Евробиримдикти жаратылыш газына жана мунайга эмбарго киргизүүгө чакырды

Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы титйиштүү чара көрүлбөсө, ал, ракетин күчөтөрүн айтып, Орусияга каршы күчтүү экономикалык санкцияларди киргизүү зарылдыгына баса белгиледи. Евробиримдикти жаратылыш газына жана мунайга эмбарго киргизүүгө чакырды.

Ошондой эле Донбасста тынчтык орнотуу операциясын колдоо керектигин айтып,  Украина учурда эл аралык коопсуздук кепилдигине муктаж экенин белгиледи.

Чернобыль АЭСи

Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясынын (АЭС) аймагы орусиялык аскерлердин көзөмөлүнө өткөнү малымдалууда.

Украина президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Михаил Подоляк,  Орусиялыктардын бул багыттагы эч бир маңызсыз чабуулдарынан кийин, АЭСтин коопсуздугу жөнүндө кеп кылуу кыйын. Бул жер учурда Европадагы эң олуттуу коркунучтардын бири болуп калды», — деди

Мунун алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын оккупациялык күчтөрү Чернобыль АЭСин алууга аракет жасап жатышканын билдирген.

 

Anahtar Kelimeler: Украина,

Жаңылыктар