Украинанын борбору Киевде түнү бою кагылышуу уланды

Орус аскерлери менен украин күчтөрү түнү бою Киевде кагылышты

26 Şubat 2022 10:15

Украинанын президенти Владимир Зеленский түн оор болоорун эскертип, украин армиясы орус күчтөрүнө каршы бардык фронтто согушуп жатканын айтты.

Зеленский эскерткендей эле, Киевде түн бою кагылышуулар уланып, жарылуунун добушу угулууда. Шаар тургундары, кагылышуу болуп жаткан учурду жана жарылууларды социалдык тармактагы баракчаларынан бөлүштү.

Маалыматка ылайык орус аскерлери Киевдин батышындагы Жеңиш көчөсүнөн шаарга кирүүгө аракет кылган. Украинан куралдуу күчтөрү каршылык көрсөтүп, 04:08де орус аскерлерин артка чегинүүгө  мажбурлаган.

Темир жол вокзалынын тегерегиндеги кагылышуулар

Кагылышуулар темир жол вокзалынын тегерегинеги райондордо да уланды. Орусиянын күчтөрү Киевдин Троещина районунда жайгашкан ТЭЦ-6 жылуулук электр борборуна чабуул койгону маалымдалды. Таңга жуук Киевдин борбордук бөлүгүндөгү Богдан Хмельницкий көчөсүнөн октордун үнү жаңырды.

Васильков аймагында орус десанттары парашют менен конду

Куралдуу кагылышуу Васильков аймагында да уланды. Васильков шаарынын мэри Наталья Баласинович, көп сандаган орус аскерлеринин аймакка парашют менен секиргенин маалымдады. Анын айтымында шаарда кагылышуу болуп,орус аскерлери ракеталык чабуулдарды жасоодо. Украинанын куралдуу күчтөрүнүн арасында каза болгон аскерлер бар.

Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги, Гостомель авиабазасы орус аскерлеринин карамагына өткөнүн жана Киевдин батыш менен байланышы үзүлгөнүн билдирген.

Ал эми Украинанын Башкы штабы, Орусиянын десантчыларын ташыган Ил-76 үлгүсүндөгү учагын Киев шаарынын борборунан 35 чакырымдай алыстыкта ​​жайгашкан Васильков аймагында атып түшүргөнүн жарыялаган.

 

 

Anahtar Kelimeler: Украина, Киев,

Жаңылыктар