Украинанын Инфраструктура боюнча министри Владислав Криклий Түркия менен Украина ортосундагы кызматташтыкка баа берди

Украинанын Инфраструктура боюнча министри Владислав Криклий инфраструктура жана транспорт жаатында Украина менен Түркия ортосундагы кызматташтык жакшы нукта өнүгүп келе жатканын билдирип, түрк ишкерлерди Азак аймагына инвестиция салууга чакырды

22 Şubat 2021 13:55

Украинанын Инфраструктура боюнча министри Владислав Криклий инфраструктура жана транспорт жаатында Украина менен Түркия ортосундагы кызматташтык жакшы нукта өнүгүп келе жатканын билдирди.

Анын маалыматына караганда Украинада Түркиялык бир катар компаманиялар жол салуу жаатында иштеп жатат. Алдыда Украинага Түркиядан көбүрөөк инвестиция тартуу каралууда. Бир гана мамлекет каржылаган долбоорлор үчүн эмес, мамлекеттик жана жеке менчик долбоорлор үчүн инвестор тартуу максатталууда.

Криклий баса белгилегендей «Улуу курулуш» долбоору алкагында 2020-жылы 1000 чакырым жол салынып бүттү. Жолдордун салынышы шаарларды же аймактарды гана байланыштырып тим болбостон экономиканы өнүктүрүүгө да зор салымын кошот.

Криклий, Украинанын президенти В. Зеленскийдин инфраструктура долбоорлоруна өзгөчө маани бериши өзүнчө мотивация деп эсептейт.

Криклийдин маалыматына караган Украинада жаңы эки долбоорго тендер жарыяланат. Алардын бири поезд станциясы, экинчиси жол салуу. Андан сырткары 2021-жылы Марипол жана Бердянск портторун салуу боюнча тендер жарыяланаары күтүлүүдө.

Криклий Түркиялык компанияларды тендерлерге активдүү катышууга чакырды. Мындай долбоолор  эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкка салым кошоорун баса белгиледи. Андан сырткары эки өлкөгө тең пайда алып келе турган биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу зарыл экенин кошумчалады. Министр ошол эле учурда түрк ишкерлерди Азак аймагына инвестиция салууга чакырды. 

Министр Түрк Аба Жолдору авиакоманиясынын ишмердүүлүгүнө токтолуп, учурда эки өлкө ортосундагы учак каттамдары жетиштүү экенин маалымдады. Транзиттик тармактагы маселе жөнгө салынса, эки мамлекет ортосундагы соода жана транспорттук байланыш мындан да өнүгөөрүнө ишеним билдирди.

Жаңылыктар