Украинанын Тышкы иштер министри Д. Кулеба: Ок атышпоо жаатында эч кандай жылыш болгон жок

Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Анталиядагы үч тараптуу жолугушуудан кийин жасаган билдирүүсүндө, ок атышпоо жаатында эч кандай жылыш болбогонун билдирди.

10 Mart 2022 14:04

Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Анталиядагы үч тараптуу жолугушуудан кийин жасаган билдирүүсүндө,  ок атышпоо жаатында эч кандай жылыш болбогонун билдирди.

Кулеба төмөнкүлөргө токтолду:

- Жолугушуу оңой да, кыйын да болду.

- Лавров салттуу билдирүүлөрүн жасады. Мен чындыгында колумдан келген бардык аракетимди жасадым. Жок дегенде дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылдым.

- Мен бул жолугушууга гуманитардык максат менен келдим.

Ок атышууну токтотуу сунушу

- 24 саатка ок атышууну токтотууну cунуштадык. Бул эң чукул гуманитардык кырдаалдарды чечүүгө багытталган. Бирок  эч кандай жылыш болгон жок.

- Бул форматта жаңы сүйлөшүүлөрдү өткөрсөк болот... Орус тарап жолугушууга даяр болгондо, мен  да жолугушууга даярмын.

- Жерибизди орус баскынчылыгынан бошотуу үчүн аракетимди улантам.

- Мен бул жакка (Анталияга) Тышкы иштер министри катары чечим кабыл алуу жана чечим табуу үчүн келдим. Бирок ал (Лавров) угуу үчүн гана келиптир.

Түркиянын ортомчулугу

- Чавушоглу биз үчүн абдан маанилүү иш алып барды.

- Менин милдетим гуманитардык коридор түзүү болчу.

- Биз азыр согушту токтото албайбыз, анткени чабуулду Украина баштаган жок. Биз азыр “коргонуп” жатабыз.

Гуманитардык коридорлор

- Үмүтүмдү жоготкум келбейт. Өлкөбүздө орус армиясынын колунан каза болгон, Орусиянын аба соккусуна кабылган көптөгөн адамдар бар. Мен муну министр Лавров менен бөлүштүм.

- Лавров бул жаатта эч кандай убада берен жок. Бирок бул маселе боюнча тиешелүү органдар менен сүйлөшөрүн билдирди.

- Мен Лавров менен миңдеген бейкүнөө адамдардын атынан сүйлөштүм.

Чернобль жана ядролук куралдар

- Орус армиясы биздин өлкөгө басып киргенге чейин биздин атомдук станциялар өз нугунда иштеп жаткан. Буга чейин электр станцияларында эреже бузуу болгон эмес. Орус армиясы өзөктүк электр станцияларынан чегинсе жакшы болот.

- Орусиянын Украина өзөктүк курал жасоого аракет кылып жатат деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт.

- Азыр согуш болуп жатат. Биз өзүбүздүн коопсуздугубузду камсыз кылышыбыз керек.

Жаңылыктар