"Укук жана эркиндик жөнүндө"

Президенттик кызматка талапкерлер менен жарандык коомдун өкүлдөрү "Укуктар жана эркиндиктер жөнүндөгү" келишимге кол коюшту.

23 Aralık 2020 20:01

Бишкекте 23-декабрда президенттик кызматка талапкерлер менен жарандык коомдун өкүлдөрү "Укуктар жана эркиндиктер жөнүндөгү" келишимге кол коюшту.

Медиа-сектор, жарандык коомдон турган коалиция менен келишимге кол коюу боюнча жыйынга алдыдагы президенттик шайлоодо ат салышып жаткан 14 талапкер жана алардын өкүлдөрү катышты.

Келишим жарандардын укуктары менен эркиндиктерин алдыга жылдырууну өз ичине камтыйт. Келечектеги президентти бул принциптерди улантууга, колдоого чакырат.

Аны 30дан ашык маалымат каражаттары, жарандык коом, өкмөттүк эмес уюмдар, активисттер кирген коалиция даярдаган.

Азыркыга чейин он бир талапкер кол койду.

Иш-чарада талапкерлер Клара Сооронкулова, Каныбек Иманалиев, Элдар Абакиров, Абдил Сегизбаев, Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров, Ишенбай Кадырбеков жана Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын жетекчиси Канатбек Тургумбеков сөз сүйлөгөн.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өткөнү жатат. Ага 18 талапкер катышууда

Жаңылыктар