Улан Ниязбеков Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушту.

19 Nisan 2022 10:41

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиянын ички иштер министри Сулайман Сойлу менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Сулейман Сойлу, делегациялар оросунда 3-4 күнгө созула турган жолугушуулар алкагында коопсуздук маселеси, иммиграция көйгөйү жана башка темалар талкууланаарын маалымдады.

Өз кезегинде, Түркиянын ички иштер министри Сулайман Сойлу кылмыштуулук менен күрөшүүдө министрликтердин ортосундагы кызматташтыктын жана карым-катнаштын маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары да кызматташууну бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуу жылуу жана достук мамиледе өттү. 

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык мамилелерди баса белгиледи.

Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ички иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуунун өнүгүп жатканын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө түрк полициясынын коомдук коопсуздукту камсыздоодогу жетишкендиктери, санариптештирүү иштери, анын алкагында электрондук башкаруу тармактары, кылмыштуулуктун алдын алуу жана аны менен күрөшүүдө ДНК лабороторияларын ачуу жана иш алып баруу, биометрикалык технологияларды жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу иштери менен таанышты. Бул ыкмаларды жана технологияларды кыргыз милициясынын ишмердүүлүгүнө киргизүү, аларды натыйжалуу колдонуу иштерин жакындан көрүп, таанышуу максатында боордош түрк кесиптештер менен өз ара кызматташууну бекемдөө керектигин айтты.   

Жаңылыктар