4

Улукбек – илим тарыхында из калтырган аалым, Тимуриддер империясынын 4-султаны

Мухаммед Тарагай 22-март 1394-жылы Султание шаарында туулган белгилүү астроном жана математик.

06 Mart 2022 08:36

Улукбек Тимуриддер империясынын 4-султаны, түрк математик жана астроному.

Анын азан чакырылып коюлган аты Mухаммед Тарагай.

Улугбектин атасы Шахрух Темирдин үчүнчү уулу. Демек, Улугбек Амир Темирдин небереси.

Ал астрономия менен жаратылыш илимдерин билүүгө далалат кылган. Платон, Аристотель, Птоломей, ж.б. чыгыш окумуштууларынын эмгектери менен атасынын бай китепканасында жашынан эле тааныш болгон.

Устаты Гыяседдин Жемшиддин айтымында; Улугбек астрономия жана математикага жөндөмдүү, Куранды жатка билген, фикх жана адабий искусствону мыкты өздөштүргөн, аңчы жана музыкант болгон.

Улугбек мамлекетти башкарып турган учурда элге бейпил турмуш орнотуп, экономикасын чыңдап маданиятын көтөрүп, ажайып ак сарайларды салдырып, илимди өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Анын өкүмдарлыгы учурунда Сaмарканд, Бухарa, Гиждуан, Мерв калаалары өнүгүп өскөн. Эң сонун тарыхый жайлар салынган. Алардын ичинен эң көрүнүктүүсү Самарканддагы Улугбектин обсерваториясы болуп эсептелет.

Улугбек жанына Орто Азиянын атактуу окумуштууларын жыйнап алып, илим менен алек болгон. Бийликке накта окумуштууларды да тарткан.

Улугбектин эң башкы илимий эмгеги - “Зиж-и Улукбек”. Бул астрономдор менен географтар үчүн көптөгөн окумуштуулардын катышуусу менен жасаган бүткүл дүйнөлүк мааниси бар эмгек.

Улукбек 1449-жылы каза болгон. Сөөгү Гур-и Эмир күмбөзүндө чоң атасы Тимурдун жанына коюлган.

Anahtar Kelimeler: Улукбек, Мухаммед Тарагай, астроном, султан,

Жаңылыктар