Улустун улуу күнү Нооруз ТҮРКСОЙдо шаңдуу белгиленди

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму Түркиянын борбору Анкарада улустун улуу күнү Нооруз майрамына арналган азем уюштурду.

22 Mart 2022 13:10

Улустун улуу күнү Нооруз Түркияда шаңдуу белгиленди. Анкара шаарында нооруз майрамына арналган шаңдуу концерт болуп өттү. Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму уюштуруган майрамдык иш-чарага 250дөн ашык өнөр адамы катышты. 

Түркия Республикасынын Президенттик аппаратынын симфониялык оркестри жана ТҮРКСОЙ «Түрк дүйнөсү-Нооруз 2022» деп аталган концерттик программа тартуулады.  Ири концертке ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүсен Касеинов, түрк тилдүү мамлекеттердин Түркиядагы элчилери, ардактуу коноктор, Анкара шаарынын тургундарды жана меймандары катышты. 

Anahtar Kelimeler: ТҮРКСОЙ, Нооруз,

Жаңылыктар