Улуу хадис аалымы-Имам Бухари

Хадис илиминин жана хадис аалымдарынын жол башчысы болгон Имам Бухари сахих хадистерди жыйнаган алгачкы аалым.

17 Aralık 2021 21:40

Курани каримден кийин эң баалуу китеп болгон Сахих-и Бухари аты менен таанымал хадис китебин жазган улуу хадис аалымы. Ысымы Мухаммед бин Исмаил, лакаб аты Абу Абдуллах. Хадис илиминде бийик даражада болуп, 300. 000ден ашык хадиси шарифти сенеддери менен бирге жатка билген аалым болгондуктан "Имам”, Бухаралык болгондугу үчүн "Бухари” деп аталып, Имам Бухари деген ысым менен таанымал болгон. 

Кичине кезинде атасынан ажыраган Бухари алгачкы билимин туулган жери болгон Бухарада баштаган. 

Хадис илиминде кыска мөөнөт ичинде устаздары менен илимий муназараларга катыша тургандай даражада хадис илиминде илгерилейт. Устазы Дахили кээ бир хадис риваяттарындагы кем жерлерди анын жардамы менен толуктаган.

Фыкых илиминде мужтахиддердин билдирген нерселерин үйрөнөт. Кийин апасы жана бир туугандары менен ажыга барат. Ажылык фарзын өтөгөндөн кийин апасы жана бир тууганы Бухарага кайтышат, Имам Бухари болсо Меккеде калып хадиси шариф жыйнай баштайт. Он сегиз жашта Сахаба жана Табиин фатваларын жыйнайт. Абдуллах бин Зубейр эл-Хамидиден Шафии фыкыхын үйрөнөт.

Хадис илиминин жана хадис аалымдарынын жол башчысы болгон Имам Бухари хазреттери жүз миңдеген хадиси шарифти жаттаган. 

Эмгектери: Жами-ус-Сахих, Тарих-ул-Кабир, Тарих-ул-Авсат, Тарих-ус-Сагир, Китаб-у Дуафа-ис-Сагира, Ат-Тарих фи Марифати Руват-ул-Хадис, Ат-Таварих-ул-Ансаб, Китаб-ул-Куна, Аль-Адаб-ул-Муфрад, Рафул-Йадайн фиссалати, Китаб-ул-Кыраати Халф-аль-Имам, Китаб-уль-Афал-ил-Ибади вар-Радду алал-Жахмиййа, Адь-Акида йахут Ат-Тавхид, Аль-Жами-ул-Кабир, Ат-Тафсир-ул-Кабир, Ат-Тафсир-ул-Мабсут, Асма-ус-Сахаба

Anahtar Kelimeler: Имам Бухари,

Жаңылыктар