Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын

Жусуп Баласагын — түрк тилдүү элдердин руханий маданиятынын ири өкүлдөрүнүн бири. Ал дүйнөлүк руханий мурастын, түрк адабиятынын, маданиятынын жана илиминин залкар эстелиги болгон "Кутадгу Билиг" чыгармасын жазып калтырган.

12 Mart 2022 14:53

Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын 1017-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1019-жылы Карахандар каганатынын Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору — Баласагын шаарында туулган.

Турмушу тууралуу башка маалыматтар аз сакталган.

Философия, математика, дары-дармек, астрономия, астрология, көркөм өнөр, адабият, тил илими жана башка илимий тармактарынын өнүгүүсүнө зор салымын кошкон.

Жусуп Баласагын араб, фарс жана башка тилдерде окуган, жазгандарга үлгү кылып өз китебин жазып баштаган жана дүйнөлүк адабият, маданиятка "Кутадгу билим" (Кут алчу билим, же Куттуу билим) аркылуу таанылган. 

Автор өзү жөнүндө жазып кеткен кээ бир фактыларды анын "Кутадгу Билиг" ("Кут алчу билим") поэмасынан кездештирүүгө болот.

"Кутадгу Билиг" ("Кут алчу билим")

Жусуп Баласагын бул поэманы 18 айда жазып бүтүргөн.

Дастан "хандын ханы" деп аталган Кашкар шаарынын башкаруучусу Табгач Буура Карахан Абу-Али-Хасанга тартууланган. Ал поэманын терең мазмунун түшүнүп, алкыш иретинде акынга "Улуг-Хасс-Хажиб", "чыныгы хажиб" - же "чыныгы адис" деген наам берип, "башкы кеӊешчи" кызматына дайындаган. 

"Кутадгу Билиг" чыгармасынын мазмуну

Чыгарма чыгыш маданиятында кеңири тараган санат-насыят маанисиндеги этикалык-дидактикалык эмгек. Дастан карахандар мамлекетин башкаруучу хандарга, бектерге, кол башчыларга арналып жазылгандыктан, алардын элге талыкпай кызмат кылышын, ошону менен эле катар бийлигинин чыңдалышын жана анын бекем болушун көздөгөн гуманитардык идея да жүзөгө ашкан.

"Кутадгу билиг" Карахандар мамлекетиндеги адамдардын турмуш-тиричилиги жана социалдык түзүлүшү жөнүндө бай маалыматтарды камтыйт. Башкарууну түрк элинин жана мусулман маданиятынын бийик руханий-адеп-ахлактык принциптери менен шайкеш келтирет. 

 Чыгармада эпикалык мазмунду көрсөткөн негизги төрт түшүнүк бар:

Адилеттик, акыл-эс, бакыт, каниеттик — бул түшүнүктөр конкреттүү каармандардын образдары аркылуу берилген. Өкүмдар Күнтууду — адилеттик, вазир Айтолду – бакыт, вазирдин уулу Акдилмиш — акыл-эс, вазирдин иниси Өткүрмүш — каниеттик. 

Чыгарма өтө бай тарыхый-этнографиялык, лингвистикалык, социологиялык ж. б. энциклопедиялык маалыматтарды камтыйт.

Anahtar Kelimeler: Жусуп Баласагын, Кутадгу Билиг,

Жаңылыктар