Улуу түрк аалымы: Имам Сарахси

“Ал Мабсут” чыгармасынын автору Сарахси – ислам фыкхчыларынын жана ханафий мазхабынын укук таануучуларынын эң атактууларынын бири.

01 Nisan 2022 16:58

Абу Бакр бин Мухаммад бин Ахмад бин Аби Сахл Ас Сарахси ислам дини, ислам дининдеги Ханафий мазхабы жана фикх илими жөнүндөгү бир нече китептерди жазган атактуу ислам аалымы болгон.

Имам Сарахси Караханид мамлекетинин Сарахс деген жерде төрөлгөндүгү үчүн өз атына жердигин билдирип турган “Сарахси” (сарахстык) сөзү кошулуп айтылып калган.

Имам Сарахси Имам Азам Абу Ханифа мазхабындагы алдыңкы аалымдардан болгон.

Ал көптөгөн шакирттерди даярдаган жана көптөгөн имамдар андан билим алышкан. Анын күчтүү билими, теңдешсиз эмгектери адамдардын жан дүйнөсүнө жарык чачып, ааламга Күндүн нуру сыяктуу чачырап тургандыгы үчүн замандаштары аны Күнгө, Күндүн нуруна теңеп, “Шамсул Аимма” же “Имамдардын күнү” аттуу лакап ат ыйгарышкан.

“Шамсул Аимма” деген сөз араб тилинен которулганда, “Шамс – Күн, Аимма – имамдар” дегенди түшүндүрөт. Чындыгында, анын илими, эмгектери ааламга Күн сыяктуу нурун чачып турган.

Күндөн-күнгө салыктын баасы жогорулап, Имам Сарахси буга каршылыгын билдирген жана салыктын көбөйүшүн кабыл кылбаган адамдардын чечимин туура көрүп, мунун аларга пайдалуу экендигин эскертип турган. Натыйжада элди көтөрүлүшкө чакырды деп чагымчылык кылып, Хакан Амир Хасан тарабынан 1073-жылдары Имам Сарахси Өзгөн шаарындагы зынданга салынган. Имам Сарахси өзүнүн эң таанымал жана эң чоң чыгармасы "Ал Мабсутту” зынданда жазган.

 “Ал Мабсут” китеби исламдагы ханафий мазхабынын юриспруденциясы (фикх илими) жөнүндө жазылган дүйнөдөгү теңдешсиз салмактуу, теңдешсиз баалуу эмгек болуп сакталып калган.

Имамдардын күнү болгон Сарахси 483/1090-жылы Өзгөндө көз жумган. Анын күмбөзү Өзгөн шаарына тургузулган.

Имам Серахси мечити жана комплекси

Имам Сарахси атындагы мечит жана комплекстин аянты 4 га. Анда мечит менен катар Ислам изилдөө борбору, Куран курсу, китепкана, конок үйү, ашкана жана жатакана иштейт.

Комплекс жана мечит Осмон архитектурасына шайкеш жасалган. Бышкан кыш колдонулуп салынган.

2012-жылдын 8-ноябрында Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгы жана Диянет фонду Кыргызстанда мурда кездешпеген эл аралык мааниге ээ байыркы Караханиддер архитектурасына уйкаш көркөм архитектуралык ансамбль – Имам Сарахсинин зыяратканасын кыргызстандыктарга белек кылган.

Anahtar Kelimeler: Имам Сарахси, “Ал Мабсут”, Өзгөн,

Жаңылыктар