Уникалдуу архитектуралык эстелик: Регистан аянты

Регистан аянты-Орто Азиядагы түрк архитектурасынын сейрек кездешүүчү үлгүлөрүнүн бири.

04 Mayıs 2021 23:12

 

Регистан аянты Орто Азиянын бермети аталган Самарканд шаарынын так ортосунда жайгашкан. «Регистан» деген сөз «кумдуу жер» деген маанини түшүндүрөт.

Тарыхта Регистан аянтында падышалардын жарлыктары окулуп, майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп турган.

Орто кылымдагы белгилүү медреселердин бири болгон Улугбек медресеси, эң таасирдүү илимий борбор деп эсептелген Шердор жана Тилля-кари медреселери аталган аянтта жайгашкан.

Орто Азиядагы түрк архитектурасынын сейрек кездешүүчү үлгүлөрүнүн бири болгон Регистан аянты 2001-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Улугбек медресеси

Улугбек медресеси Самарканддагы тарыхый эстеликтердин арасында өзгөчө орунду ээлейт. Аны Тимуриддер мамлекетинин султаны, Орто Азиялык белгилүү астроном жана математик Улугбек 1417-1420-жылдары салдырган. Медресе XV кылымдагы алдыңкы билим алуу жайы болгон. Математика жана астрономия сабактары окутулган. Белгилүү окумуштуу жана философ Нуреддин Абдуррахман Ками дал ушул медреседен билим алган.

Шердор медресеси

Шердор медресеси 1619-1635-жылдары курулган. Медресенин кире беришине жейренге аңчылык кылган эки арстандын (шердин) сүрөтү чегилгендиктен «Шердор» деп аталып калган. Улугбек медресесинин маңдайында жайгашкан. Имараттын турпаты жана жасалгасы Улугбек медресесине окшош.

Тилля-кари медресеси

Тилля-кари медресеси Ялангтуш Бахадырдын буйругу менен 1646-1660-жылдары салынган. «Тилля-кари» деген сөз "алтын менен кооздолгон" деген маанини түшүндүрөт. Аты айтып тургандай медресе алтын менен кооздолгон. Медресе, борбордук мечит катары да колдонулган.

Регистан аянты-уникалдуу архитектуралык эстелик.

Бүгүнкү күндө Регистан аянтында жыл бою ар кандай фестивалдар, оюн-зоок программалары, концерттер жана майрамдык иш-чаралар өтүп турат.

Anahtar Kelimeler: Өзбекстан, Самарканд, Регистан аянты,

Жаңылыктар