77

Узундугу 77 чакырым келген Улубей каньону адреналин ышкыбоздорун өзүнө тартып турат

Дүйнөдөгү эң чоң каньондордун катарын толуктап, адреналин ышкыбоздоруна кызыктуу көз ирмемдерди тартуулаган Улубей каньонуна меймандар көп келүүдө.

06 Mayıs 2022 21:34

Узундугу 77 чакырым  келген  Улубей коньону Ушак районунда жайгашкан табигый объект. Ал дүйнөдөгү эң узун каньондордун катарын толуктайт. Тереңдиги 170 м, туурасы айрым жерлерде 500 метрге жетет.

Каньон кызгылт сары түстөгү аска түзүлүшү жана жашыл түстөгү өсүмдүктөрү менен өзгөчөлөнүп турат.

Миллиондогон жыл аралыгында шамал жана суу  Улубейдин кызгыл сары кум ташын айкелдеп, бүгүнкү фантастикалык фигураларын жараткан.

Зоолордун кучагында калган, нечендеген кылымды карыткан Улубей каньону ачык асман алдындагы музейди элестетет.

Каньондун ички бөлүгүндө байыркы Бландос шаарынан калган 1800 жылдык аска мүрзөлөр орун алган. Андан тышкары Осмон жана Селжук доорлорунан калган урандыларды кездештирүүгө болот.

2015-жылы Ушак губернаторлугу бийиктиги 125 метр келген айнек терраса салган. Меймандар аталган терассадан жаратылыштын кооздугун көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Каньон адреналин ышкыбоздорун өзүнө тартып, меймандарга кызыктуу көз ирмемдерди тартуулайт.

Жаңылыктар