Вандык кыргыздардын колунан жаралган килемдер чет өлкөлөргө жөнөтүлөт

Ван облусунун Эржиш районуна караштуу Улуупамир айылында жашаган кыргыз айымдар салттуу килемдерди токуп, АКШ, Япония, жана Европа өлкөлөрүнө жөнөтүшөт.

17 Haziran 2021 15:30

1982-жылы Ооганстандан Түркияга көчүп келген кыргыздар Улуупамир айылында жашап, элдик каада салттарды күнү бүгүнкүдөй сактап келишет. Алар азыр да боз үй тигип, күлүк таптап, көк-бөрү ойноп, улуттук эмеректерди, буюм тайымдары жасашат. Алардын салттуу жашоо турмушун көрүүгө кызыгып, алыстан ат арытып, жол карытып келгендер көп.

Улуупамир айылында жашаган кыргыздар маданиятын танытууга өзгөчө көңүл бурушат. Алардын бири-килем токуу өнөрү.

Райондук акимчилик жана Элге билим берүү борбору килем токуу курсун ачкан. Ал жакта айымдар салттуу килем токуу өнөрүн келечек муунга өткөрүп берүү менен бирге олуттуу киреше табышат. Анткени аялдардын чебер колунан жаралган килемдер Малатьядагы компания аркылуу Европа өлкөлөрүнө, АКШга жана Японияга буйрутма менен жөнөтүлөт. Килемдерде кыргыздарга тийиштүү өзгөчөлүктөр камтылган.  Анда кыргыз элдик гармониясы, стилдик мүнөздөрү, боектордун түстөрүнүн жалпылыгы даана көрсөтүлгөн.

Anahtar Kelimeler: Вандык кыргыздар, килем токуу өнөрү,

Жаңылыктар