Венгрияда Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин жыйыны өтөт

14-октябрда Венгриянын борбору Будапештте Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (Түрк кеңеши) мүчө өлкөлөрдүн транспорт министрлеринин 5-жыйыны өтөт.

12 Ekim 2021 15:59

Венгриянын борбору Будапешт шаарында Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн транспорт министрлеринин кезектеги жыйыны өтөт.

Венгриянын Инновация жана технология министри төрагалык кыла турган жыйынга Түрк кеңешине мүчө жана байкоочу болгон мамлекеттердин транспорт министрлери, ошондой эле ардактуу конок катары Түрк кеңешинин аксакалдар кеңешинин Түркиялык мүчөсү Бинали Йылдырым катышат.

Тараптар глобалдык пандемиядан кийинки мезгилде Транскаспий Чыгыш-Батыш эл аралык транспорттук коридори аркылуу транзиттик жүк ташууну жеңилдетүүнүн чараларын талкуулашат. «ETIR», «ePermit» жана «eCMR» тиркемелерин ишке ашырууга басым жасалат.

Ошондой эле Түрк кеңешине мүчө мамлекеттер ортосунда транспорттук жана транзиттик процедураларды санариптештирүү маселеси да талкууланат.

Жыйын жыйынтыгында «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы “Эл аралык бириккен жүк ташуу жөнүндө макулдашууга» кол коюлаары күтүлүүдө.

Жыйындан мурда Түр кеңешине мүчө мамлекеттердин Транспорт министрликтеринин жумушчу тобунун 10 –жыйыны өтөт.

Anahtar Kelimeler: Түрк кеңеши,

Жаңылыктар