Ысык-Көл облусундагы жайлоолор

Кыргызстандын түндүк-чыгышында, Түндүк Тянь-Шань тоо кыркаларында, Күңгөй Ала-Тоо менен Тескей Ала-Тоонун ортосунда жайгашкан Ысык-Көл облусу жайлоолору менен суктандырат.

03 Eylül 2021 22:46

Ысык-Көл облусу — Кыргыз Республикасынын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан облус.  Облустун аймагындагы кырка тоолор негизинен кеңдик багытта созулат. Облустагы Григорьевка, Ананьево жана Семеновка деп аталган платолор өлкөнүн табигый кооздуктарынын катарын толуктайт.  жерлеринин бири катары эсептелет. Платолор сейилдөө жана кемпинг үчүн ылайыктуу шарттарды түзөт.

Григорьевка платосу

Чолпон-Ата шаарынан 60 чакырым алыс ​​жайгашкан Григорьевка платосу ушул эле аталыштагы айылга жакын орун алган. Карагай каптаган жашыл тоо боорлору, дарыялар, альп шалбаасы жана кооз жайлары келгендерди өзүнө тартып турат. Ысык –Көлдү көздөй аккан тунук дарыя өзгөчө кооз.

Ананьево платосу

Ананьево платосу деңиз деңгээлинен 2355 метр бийиктикте жайгашкан.

Жергиликтүү эл жаратылыштын бузулушуна алып келет деген негиз менен бөксө тоого ыңгайлуу жолдун курулушуна уруксаат беришпейт. Жайлоодо тунук көл бар. Көл, 100 жыл мурун болгон жер титирөөнүн натыйжасында пайда болгону белгилүү. Бул жерге келгендерде кымыз сунушталат. Ошондой эле ат минип көлдү кыдырууга мүмкүнчүлүк берет.

Семеновка платосу

Семеновка платосу Чолпон-Ата шаарынан 40 чакырым алыс ​​жайгашкан. Дарыялары, аска боорлору жана шаркыратмасы менен көңүл бурат. Келгендерге жергиликтүү даамдуу тамактар ​​сунушталат.  Ошондой эле эс алуучулар Семеновка балын сатып ала алышат.

 

 

 

Anahtar Kelimeler: Ысык-Көл, Кыргызстан,

Жаңылыктар