Ысык-Көлдө ТүркПАнын пленардык жыйыны өттү

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына мүчө-өлкөлөрдүн парламенттеринин башчылары уюмдун XI пленардык жыйынынын жүрүшүндө ТүркПАнын аталышын Түрк өлкөлөрүнүн Парламенттик ассамблеясы деп өзгөртүү чечимин кабыл алышты.

24 Haziran 2022 18:57

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму жыйынтыкталды.

ТүркПАнын пленардык жыйынынын ишине ТүркПАга кирген өлкөлөрдүн - Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын парламенттик делегациялары катышты.

Отурумда ассамблеянын укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар, социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер, экономикалык кызматташтык, ошондой эле айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссияларынын отчеттору менен сунуштамалары каралды.

Жыйында 2023-2028-жылдарга карата ассамблеянын стратегиялык жол картасы иштелип чыгып, Чолпон-Ата декларациясына кол коюлду. Муну менен катар ТүркПАнын Башкы катчысынын орун басары, тиешелүү комиссияларынын төрагалары жана алардын орун басарлары шайланып, катчылыктын 2021-2022-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча маалыматы берилди.

Ал эми ассамблеянын кийинки XII пленардык отуруму 2023-жылы Түркияда өтөөрү белгилүү болду.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына мүчө-өлкөлөрдүн парламенттеринин башчылары уюмдун XI пленардык жыйынынын жүрүшүндө ТүркПАнын аталышын Түрк өлкөлөрүнүн Парламенттик ассамблеясы деп өзгөртүү чачимин кабыл алышты.

Ошондой эле, уюмдун жаңы желеги жана логотиби кабыл алынды.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына  төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өттү.

Жаңылыктар