Ыйык Рамазан айындагы ифтар берекеси

Кыргызстандагы Ахыска түрктөрү Орозо маалында топтошуп ооз ачуу салтын улантууда.

28 Nisan 2021 13:27


 

Кыргызстанда бул жылы Орозо маалында топтошуп ооз ачууларга, чогулуп таравих намазын окууга чектөө болгон жок. Андыктан өлкөдө жашаган Ахыска түрктөрү ифтардын берекесин арттырып, топтошуп ооз ачуу салтын бул жылы да улантышты.

Ахыска түрктөрүндө кошуна колоң, тууган урук жана айылдаштар менен топтошуп ооз ачуу салтка айланган. Ар бир үй-бүлөө өз кезеги келгенде мүмкүнчүлүгүнө жараша дасторкон даярдап, элди ооз ачып кетүүгө чакырат. Дасторконго салаттын түрлөрү, мөмө-жемиш, таттуу тарапа коюлуп, ысык тамактар даярдалат. Дасторконду даярдоого келин-кыздар жардам берсе,  эркектер казан асып, самоор кайнатып, от жагышат.

Азандын чакырылышы менен ооз ачып, дуба кылышат. Андан соң айылдагы мечитте жамаат менен намаз окушат.

Кыргызстандын түндүгүндөгү Степное айылынын тургуну Ислам Сардаровдун маалымдашынча бул жылы айылдыктардын баардыгы орозо кармаган.

«Аллах ар бир адамдын ибадатын кабыл кылып, ар кандай оору сыркоодон, бөөдө кырсыктан сактасын»,-деген тилегин билдирди ал.

Жаштар айылдык мечиттин сырткы дубалын оңдоодо

Ыйык Орозо айында Степное айылынын кире беришиндеги мечиттин сырткы дубалы жаңыланып, жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Мечитти жаңылоо жана тегерек четин жашылдандыруу иши айылдыктардын демилгеси менен ишке ашууда. Ал эми жаштар орозо экенине карабастан дубалды өз колу менен оңдоп жатышат.

Ахыска түрктөрү

Ахыска түрктөрү-бүгүнкү Грузиянын Ахыска аймагында жашаган түрктөр. Орустар бул аймакка Месхетия атын бергендиги үчүн Месхетия түрктөрү деп да аталышат.

Сталиндик өкмөт 1944-жылы Мамлекеттик Коопсуздук Комитетинин чечимине ылайык чек ара коопсуздугун камсыз кылуу аргументи менен Ахыска аймагындагы 100 миң кишини кыш мезгилинде жүк ташуу вагондоруна 8-10 үй-бүлөдөн киргизип, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанга айдап жиберген. Сүргүн  учурунда элдин көбү сууктан вагондордо, оору жана ачкачылыктан каза болгон.

Азыркы учурда Ахыска түрктөрү Россия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Украина, Азербайжан, Грузия, АКШ жана Түркияда жашашат. Жалпы саны 500 миңдин тегерегинде.

Ахыска түрктөрү Совет мезгилиндеги бардык тыюу салууларга карабастан орозону калтырбай кармашкан. Советтер Союзу тараары менен айылдарына мечит салып, топтошуп ооз ачууну сылтка айландырышкан.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Ахыска түрктөрү, Орозо, ифтар берекеси,

Жаңылыктар