Залкар жазуучу Ч.Айтматов тууралуу жаңы китептин бет ачары өттү

Китептин алгы сөзүн Түркия Республикасынын президенти Р. Т. Эрдоган менен Кыргыз Республикасынын президенти С. Жээнбеков жазган.

11 Eylül 2020 15:16

Залкар жазуучу Ч.Айтматов тууралуу жаңы китеп түрк тилинде жарык көрдү. Китептин бет ачары Улуттук илимдер академиясында өттү. Иш-чарага эмгекти чыгарууга чоң салым кошкон Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлери, жазуучуну терең баалаган окумуштуу, илимпоздор жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышты. 

23 өлкөнүн окумуштуу-илимпоздорунун эмгектери камтылган бул тарыхый китеп – залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын колдоосу менен чыгарылды. 100гө жакын макаланын көпчүлүгү Кыргызстандын окумуштууларына таандык.

Китеп илим дүйнөсүнө чоң салым кошту

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин маданий иштер боюнча өкүлү Нури Шимшеклер, түрк жана дүйнөлүк адабияттын алдыңкы илимпоздору жазган макалалар бай мазмуну менен  илим дүйнөсүнө чоң салым алып келгениг баса белгиледи.

Өз кезегинде китептин жарык көрүшүнө салым кошкон Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, министрдин орун басарлары Надир Алпаслан жана Сердар Чам, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Женгиз Камил Фырат, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Президенти Проф. Др. Мурат Жуматаев, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана Адабият Институтунун төрагасы Проф. Др. Абдылдажан Акматалиев жана Башкы редактор Өмер Эрдоганга ыраазычылык билдирди. 

Түрк тилдүү элдер үчүн маанилүү болуп эсептелген бул эмгекте – Айтматов таануудагы кийинки учурдагы жаңы ой- пикирлер, көз караштар камтылган.

Жаңылыктар